# 1-берене

- Документ: [Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111859)
- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 15-январындагы № 5 "Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 5
- Кабыл алынган күнү: 15.01.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111859/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2662/edition/929310/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111859/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111859/st-1

---

"Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 983-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) преамбула күчүн жоготту деп таанылсын;

2) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-берене менен толукталсын:

"1-1. Жөнгө салуу предмети Ушул Мыйзам жарандардын репродуктивдик укуктары жаатындагы коомдук мамилелерди жөнгө салат, аларды ишке ашыруу боюнча мамлекеттин кепилдиктерин аныктайт жана репродуктивдик ден соолукту коргоого жарандардын, мамлекеттин, уюмдардын кызыкчылыктуу жана жоопкерчиликтүү мамилесин күчөтүүгө багытталган.";

3) 2-берененин 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;

4) 7-берене күчүн жоготту деп таанылсын;

5) 22-берененин 3-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын саламаттыгы сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111859/st-2)
