1-берене
Күчүндө · 11.01.2019 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Аба кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 8, 1060-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 6-берене төмөнкүдөй мазмундагы 36-1-пункт менен толукталсын:
"36-1) "аба эркиндигинин бешинчи даражасы" укугу - үзгүлтүксүз абада ташууларга карата укук, ага ылайык чет өлкөлүк аба кемелери Кыргыз Республикасынын аймагында үчүнчү мамлекеттен келе жаткан же ага бара жаткан жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн, жүктү жана (же) почтаны түшүрүү жана бортуна кабыл алуу укугуна ээ;";
2) 10-берененин 1-бөлүгүнүн 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8) ушул Кодекстин 145-беренесинде каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдаланууга уруксаттарды берүү;";
3) 141-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"141-берене. Чет өлкөлүк эксплуатанттардын эл аралык коммерциялык абада ташуулары Аба кемесинин чет өлкөлүк эксплуатанты Кыргыз Республикасында эл аралык үзгүлтүксүз коммерциялык абада ташууларды жүзөгө ашырат:
1) "аба эркиндигинин бешинчи даражасы" укугун пайдаланган учурда - ушул Кодекстин 145-беренесинде каралган тартипте;
2) башка учурларда - Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык.";
4) 145-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"145-берене. Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде чет өлкөлүк аба кемелеринин "аба эркиндигинин бешинчи даражасы" укугун пайдалануу менен учуулар Чет өлкөлүк аба кемелери ушул Кодекске жана Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында абада ташуулар үчүн аба кемесинин бортуна үчүнчү мамлекеттен келе жаткан же ага бара жаткан жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн, жүктү жана (же) почтаны кабыл алууга укуктуу.".
Берененин тексти 11.01.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын АбаКодекс · 06.08.2015 · № 218
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111858/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>