# 5-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111855)
- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 26-декабрындагы № 112 "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 112
- Кабыл алынган күнү: 26.12.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.12.2019
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 декабря 2019 года № 142 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О республиканском бюджете Кыргызской Республики на 2019 год и прогнозе на 2020-2021 годы"](https://aqlex.ai/kg/doc/112000)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111855#diff=991904..991905>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111855/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2658/edition/991904/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111855/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.12.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө, 5-берене (23.12.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111855/st-5

---

1. 2019-2021-жылдарга мамлекеттик инвестициялар боюнча чыгашалар 7-тиркемеге ылайык белгиленсин.

2. 2019-жылы капиталдык салымдарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 6 327 857,2 миң сом суммасында бекитилсин жана алар мурдагы мезгилде каралган объекттердин курулушун аяктоого жана 2019-жылга түзүлгөн тизмекте бекитилген объекттерди алардын артыкчылыктарын эске алуу менен курууга, реконструкциялоого багытталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин мамлекеттик ипотекалык сертификаттарына ылайык, жаратылыш кырсыктарынан жабыр тарткандарга берилүүчү бюджеттик каражаттарды төлөөгө 350000,0 миң сом багытталсын.

4. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 2019-жылы – 420 000,0 миң сом, 2020-жылы – 600 000,0 миң сом, 2021-жылы 600 000,0 миң сом суммасында бекитилсин. Республикалык бюджеттен дотация алуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоонун артыкчылыктары белгиленсин.

(КР 2019-жылдын 23-декабрындагы № 142 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111855/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111855/st-6)
