# 12-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111855)
- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 26-декабрындагы № 112 "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 112
- Кабыл алынган күнү: 26.12.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.12.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111855/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2658/edition/991904/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111855/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.12.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө, 12-берене (23.12.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111855/st-12

---

1. Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджетинен жергиликтүү бюджеттери үчүн теңдөө трансферттеринин өлчөмдөрү чыгашалардын 2000300,0 миң сом жалпы суммасында 10-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын 2020-2021-жылдарга республикалык бюджетинен теңдөө трансферттеринин өлчөмдөрүнүн болжолу 10-тиркемеге ылайык жактырылсын.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары теңдөө трансферттерин биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды каржылоого багытташсын.

4. Республикалык бюджеттен теңдөө трансферттеринин эсебинен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды толук каржылоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жоопкерчилик тартышат.

5. Мыйзамдарда каралган ыйгарым укуктардын чегинде жер салыгы боюнча базалык ставкаларды же коэффициенттерди жогорулатууга карата жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдердин эсебинен жергиликтүү бюджеттердин кирешесинин көбөйүүсү ушул Мыйзамда бекитилген 2019-2021-жылдарга теңдөө трансферттеринин өлчөмдөрүн өзгөртүү үчүн негиз болбой тургандыгы белгиленсин.

6. Жеке кирешелерин (жер салыгы, мүлк салыгы, жерди жана мүлктү ижарага берүүдөн кирешелер) көбөйтүүгө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына дем берүү үчүн республикалык бюджеттен 100,0 млн. сом каралсын.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111855/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111855/st-13)
