# 10-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111855)
- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 26-декабрындагы № 112 "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 112
- Кабыл алынган күнү: 26.12.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.12.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111855/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2658/edition/991904/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111855/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.12.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө, 10-берене (23.12.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111855/st-10

---

1. 2019-2021-жылдарга жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөрдүн төмөнкүдөй ченемдери белгиленсин:

1) салык агенттери тарабынан төлөнүүчү киреше салыгы:

- 2019-жылы - шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 70 пайыз өлчөмүндө;

- 2020-жылы - шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 85 пайыз өлчөмүндө;

- 2021-жылы - шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 100 пайыз өлчөмүндө;

2) сатуулардан салык:

- 2019-жылы - республикалык бюджетке 50 пайыз өлчөмүндө;

- 2020-жылы - республикалык бюджетке 75 пайыз өлчөмүндө;

- 2021-жылы - республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;

3) ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык, милдеттүү патенттин негизиндеги салык, бирдиктүү салык - шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 100 пайыз өлчөмүндө;

4) жер казынасын пайдалануу үчүн салык (роялти), стратегиялык пайдалуу кендерди (алтын, мунай зат, газ) копшогондо - кендерди иштеп чыгуу жери боюнча шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 50 пайыз өлчөмүндө;

5) жер казынасын пайдалануу үчүн салык (бонус) - республикалык бюджетке 100 пайыз өлчөмүндө;

6) жер казынасын пайдалануу укугу үчүн төлөө - республикалык бюджетке 93 пайыз жана кендерди иштеп чыгуу жери боюнча шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 7 пайыз өлчөмүндө;

7) жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүү - республикалык бюджетке 80 пайыз жана кендерди иштеп чыгуу жери боюнча шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттерине 20 пайыз өлчөмүндө.

2. Жалпы мамлекеттик кирешелердин пландан ашык келип түшүү суммаларын республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда бөлүштүрүү кирешенин ар бир түрү боюнча чегерүүлөрдүн бекитилген ченемдерине ылайык жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111855/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111855/st-11)
