# КР 2018-жылдын 13-декабрындагы № 103 "2017-жылдын 13-сентябрында кол коюлган, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык Сотунун статусу жөнүндө 1992-жылдын 6-июлундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 13-декабрындагы № 103 "2017-жылдын 13-сентябрында кол коюлган, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык Сотунун статусу жөнүндө 1992-жылдын 6-июлундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 103
- Кабыл алынган күнү: 13.12.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.12.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111847>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2650/edition/928976/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111847.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2018-жылдын 13-декабрындагы № 103 "2017-жылдын 13-сентябрында кол коюлган, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык Сотунун статусу жөнүндө 1992-жылдын 6-июлундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" мыйзамы (13.12.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111847

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2018-жылдын 13-декабры № 103 2017-жылдын 13-сентябрында кол коюлган, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык Сотунун статусу жөнүндө 1992-жылдын 6-июлундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө

2018-жылдын 14-ноябрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111847/st-1)

2017-жылдын 13-сентябрында кол коюлган, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык Сотунун статусу жөнүндө 1992-жылдын 6-июлундагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол төмөнкүдөй эскертме менен ратификациялансын: "Кыргыз Республикасы КМШ Экономикалык Сотунун ишин каржылоого тиешелүү мезгилге республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде катышат.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111847/st-2)

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруучу комитетине аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111847/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 18-декабрындагы N 103 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С. Жээнбеков
