# КР 2019-жылдын 23-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 23-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 9
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111841>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2644/edition/1120258/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111841.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2019-жылдын 23-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамы (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111841

---

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2019-жылдын 23-январы № 9 Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

2018-жылдын 13-декабрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111841/st-1)

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 343-беренеде:

а) "Эгер" деген сөз "1. Эгер" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1) төмөнкү жерлер:

а) коруктардын, резерваторлордун, жаратылыш, улуттук жана дендрологиялык парктардын, ботаникалык жана зоологиялык бактардын, корукчалардын, жаратылыш эстеликтеринин, тарыхый-маданий маанидеги объектилердин, запастагы бөлүштүрүлө элек жерлер, мамлекеттик чек араны бойлой кеткен байкоо тилкеси ээлеп турган жерлер;

б) калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы, коргоочу токой тилкелери ээлеп турган, суу жана токой фондунун;

в) катнашуу жолдорунун, айыл чарбасы үчүн пайдаланууга берилгендерди кошпогондо, республикалык жана жергиликтүү маанидеги жолдорду бойлото кеткен жер тилкелери;

г) айыл чарбасы үчүн пайдаланууга берилгендерди кошпогондо, өнүмдөрдү өткөрүүчү түтүктөр өткөн жана байланыш линияларынын;

д) айыл чарбасы үчүн пайдаланууга берилгендерди кошпогондо, электр энергиясын иштеп чыгуу же берүү үчүн пайдаланылуучу суу сактагычтардын жана суу каптоочу зоналардын жана электр берүүчү линиялардын астындагы;";

в) 4-пунктунда "жана/же ижарага берилгенден" деген сөздөр алып салынсын;

г) берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:

"2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган салык салуудан бошотуу көрсөтүлгөн жерлер же алардын бөлүгү жер пайдалануучу тарабынан ижарага берилген учурларга жайылтылбайт.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111841/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 25-январындагы N 5 жарыяланды Ушул Мыйзамдын 1-беренесинин жоболорунун колдонулушу 2009-жылдын 1-январынан тартып келип чыккан салыктык укук мамилелерине жайылтылары белгиленсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С. Жээнбеков
