# КР 2018-жылдын 10-декабрындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 10-декабрындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 99
- Кабыл алынган күнү: 10.12.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111839>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2642/edition/1120250/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111839.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2018-жылдын 10-декабрындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамы (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111839

---

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2018-жылдын 10-декабры № 99 Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

2018-жылдын 31-октябрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111839/st-1)

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 95-берененин 1-бөлүгүндө:

а) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1) иши ишкердик ишке кирген жана/же ошондой деп таанылган;";

б) экинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;

2) 96-берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-бөлүк менен толукталсын:

"2-1. Иши ишкердик ишке кирген жана/же ошондой деп таанылган жеке жактар ушул Кодекстин 21-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, ишкердик иш деп таанылган ишти жүзөгө ашырган айдан кийинки айдын аягынан кечиктирбестен салык органына салыктык каттоо жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү.";

3) 167-берененин 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6) Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринин окуучуларына жана студенттерине төлөнүүчү стипендиялар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын коммерциялык эмес уюмдары тарабынан төлөнүүчү стипендиялар;".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111839/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 14-декабрындагы N 102 жарыяланды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С. Жээнбеков
