# КР 2019-жылдын 24-январындагы № 18 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 24-январындагы № 18 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 24.01.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.01.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111835>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2638/edition/928850/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111835.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2019-жылдын 24-январындагы № 18 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамы (24.01.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111835

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2019-жылдын 24-январы № 18 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2018-жылдын 13-декабрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111835/st-1)

"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 7-8, 765-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 4-берененин 9-пунктунда ", өлчөмү пенсиянын базалык бөлүгүнөн төмөн ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын пенсияларын кошпогондо, пенсиялар" деген сөздөр алып салынсын;

2) 9-1-берененин 1-пунктунда ", алардын өлчөмү Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык белгиленген пенсиялардын базалык бөлүгүнөн төмөн болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын пенсияларын кошпогондо, пенсиялары" деген сөздөр алып салынсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111835/st-2)

Ушул Мыйзам 2018-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет жана жалпыга маалымдоо каражаттарына расмий жарыяланууга тийиш.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С. Жээнбеков
