# 47-3-берене. Эң төмөнкү баа боюнча тандап алуу

- Документ: [Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111831)
- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 11-январындагы N 4 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" МЫЙЗАМЫ
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 11.01.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.01.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 14 апреля 2022 года № 27 "О государственных закупках"](https://aqlex.ai/kg/doc/112361)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111831/st-47-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2634/edition/1150510/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.01.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 47-3-берене (11.01.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111831/st-47-3

---

1. Консультанттарды тандоодо, эгерде калыптанган практика менен ченемдер бар болсо, типтүү же стандарттуу тапшырмалар үчүн максималдуу босоголук суммадан төмөн, эң төмөнкү нарк боюнча тандап алуу усулу колдонулат. Сатып алуучу уюм техникалык сунуштар боюнча эң төмөнкү өтүүчү баллды белгилейт жана аны сунуштарды берүүгө чакыруу кагазында көрсөтөт.

2. Ушул Мыйзамдын 38-беренесине ылайык сатып алуучу уюм конкурстук документтерди алуу үчүн консультанттарды чакырат. Кызыкдар консультанттар бир эле мезгилде техникалык жана финансылык сунуштарды беришет. Адегенде бардык техникалык сунуштар ачылат жана бааланат. Минималдуу баллды албаган техникалык сунуштар четке кагылат, андан кийин калган финансылык сунуштар ачылат.

3. Келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө эң төмөнкү баллдан көбүрөөк алган жана финансылык сунуш боюнча эң аз наркты сунуш кылган консультант тандалып алынат.

---

Мурунку берене: [47-2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111831/st-47-2)  
Кийинки берене: [47-4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111831/st-47-4)
