# 9-берене. Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдардын укуктары жана милдеттери

- Документ: [Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111829)
- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 28-январындагы № 19 "Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.01.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111829/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2632/edition/1037887/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111829/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.01.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө, 9-берене (22.01.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111829/st-9

---

1. Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адам төмөндөгүдөй укукка ээ:

1) өз укуктарын жана милдеттерин билүүгө;

2) мыйзамдарда каралган тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын чечимдерине даттанууга;

3) ыйгарым укуктуу органдарга коргоо чараларын кабыл алуу жөнүндө же аларды жокко чыгаруу тууралуу жазуу жүзундөгү арыз менен кайрылууга;

4) ушул Мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген учурларда жана тартипте материалдык сый акы алууга.

2. Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адам төмөнкүлөргө

милдеттүү:

1) билдирилип жаткан коррупциялык укук бузууларды күбөлөндүрүүчү жетиштүү маалыматтарга ээ болууга;

2) прокуратура органдарынын, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ушул Мыйзамда жана башка ченемдик укуктук актыларда каралган мыйзамдуу талаптарын аткарууга.

3. Атайылап жалган коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамга

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралат.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111829/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111829/st-10)
