# 7-статья. Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарга карата коопсуздук чараларын колдонуунун негиздери

- Документ: [Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111829)
- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 28-январындагы № 19 "Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.01.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111829/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2632/edition/1037887/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111829/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.01.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө, 7-статья (22.01.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111829/st-7

---

1. Мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу тууралуу чечим кабыл алган орган тарабынан белгиленген жазык сот өндүрүшүнө катышкандыгына байланыштуу корголуучу адамды өлтүрүүнүн реалдуу коркунучу бар экендиги, ага карата куч колдонулушу, анын мүлкүн жок кылуу же бүлүндүрүү жөнүндө маалыматтар коопсуздук чараларьш колдонуунун негиздери болуп саналат.

2. Корголуучу адамдын жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде же жазуу жүзүндө билдирилген анын макулдугу менен, ал эми жашы жете электерге карата - анын ата-энесинин же аларды алмаштырган адамдын, ошондой эле үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлумдордүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн (ата-энелери же аларды алмаштырган адамдар жок болгон учурда) жазуу жүзүндөгү арызыньга же жазуу жүзүндө билдирилген алардьш макулдуктарынын негизинде коопсуздук чаралары колдонулат.

3. Эгерде коопсуздук чараларын колдонуу корголуучу адамдын бойго жеткен мүчөлөрүнүн жана алар менен чогуу жашагандардын кызыкчьшыктарын козгогон учурда, коопсуздук чараларын колдонууга алардын жазуу жүзүндө билдирилген макулдугу керек.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111829/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111829/st-8)
