# 5-берене. Корголуучу адам жөнүндө маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылуу

- Документ: [Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111829)
- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 28-январындагы № 19 "Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.01.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111829/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2632/edition/1037887/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111829/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.01.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө, 5-берене (22.01.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111829/st-5

---

1. Арызда көрсөтүлгөн маалыматтар тастыкталгандан кийин гана коррупциялык укук бузуулар фактысы жөнүндө билдирген адам тууралуу маалымат жашыруун сакталышы мүмкүн.

Жашыруун сактоо корголуучу адамдын арызы боюнча же анын макулдугу менен жүргүзүлүүгө тийиш. Жашыруун сактоо тартиби мамлекеттик сырды коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет. Ушул Мыйзамдын 7-беренесинин \]-бөлүгүндө каралган учурларда ыйгарым укуктуу органдар коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдардын жеке коопсуздугун камсыз кылат.

2. Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдар жөнүндө жашыруун сырды коргоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан камсыз кылынат.

3. Коопсуздук чараларын жүзөгө ашырган органдын чечими боюнча мамлекеттик жана башка маалыматтык сурап билуү фонддорунан корголуучу адам жөнүндө маалыматтарды берүүгө тыюу салынышы мүмкүн, ошондой эле анын телефон номерлери жана ал пайдалануучу же ага тийиштүү болгон транспорт каражаттарынын мамлекеттик каттоо белгилери өзгөртүлүшү мүмкүн.

4. Башка жазык же болбосо жарандык иштер боюнча өндүрүшкө байланыштуу өзгөчө учурларда корголуучу адам жөнүндө маалыматтар мамлекеттик коргоону жүзегө ашыруу жөнүндө чечим кабыл алган органдын уруксаты менен прокурордун же соттун (судьянын) жазуу жүзүндөгү суроо-талабынын негизинде тергөе, прокуратура органдарына же сотко берилиши мүмкүн.

5. Ушул берененин эрежелери атайылап жалган маалыматтарды билдирген адамдарга жайылтылбайт.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111829/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111829/st-6)
