Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
5-берене. Корголуучу адам жөнүндө маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылуу
Күчүндө · 22.01.2021 редакциясы
1. Арызда көрсөтүлгөн маалыматтар тастыкталгандан кийин гана коррупциялык укук бузуулар фактысы жөнүндө билдирген адам тууралуу маалымат жашыруун сакталышы мүмкүн.
Жашыруун сактоо корголуучу адамдын арызы боюнча же анын макулдугу менен жүргүзүлүүгө тийиш. Жашыруун сактоо тартиби мамлекеттик сырды коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет. Ушул Мыйзамдын 7-беренесинин ]-бөлүгүндө каралган учурларда ыйгарым укуктуу органдар коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдардын жеке коопсуздугун камсыз кылат.
2. Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдар жөнүндө жашыруун сырды коргоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан камсыз кылынат.
3. Коопсуздук чараларын жүзөгө ашырган органдын чечими боюнча мамлекеттик жана башка маалыматтык сурап билуү фонддорунан корголуучу адам жөнүндө маалыматтарды берүүгө тыюу салынышы мүмкүн, ошондой эле анын телефон номерлери жана ал пайдалануучу же ага тийиштүү болгон транспорт каражаттарынын мамлекеттик каттоо белгилери өзгөртүлүшү мүмкүн.
4. Башка жазык же болбосо жарандык иштер боюнча өндүрүшкө байланыштуу өзгөчө учурларда корголуучу адам жөнүндө маалыматтар мамлекеттик коргоону жүзегө ашыруу жөнүндө чечим кабыл алган органдын уруксаты менен прокурордун же соттун (судьянын) жазуу жүзүндөгү суроо-талабынын негизинде тергөе, прокуратура органдарына же сотко берилиши мүмкүн.
5. Ушул берененин эрежелери атайылап жалган маалыматтарды билдирген адамдарга жайылтылбайт.
Берененин тексти 22.01.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111829/st-5" title="5-берене - Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>