# 4-берене. Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо принциптери

- Документ: [Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111829)
- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 28-январындагы № 19 "Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.01.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111829/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2632/edition/1037887/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111829/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.01.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө, 4-берене (22.01.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111829/st-4

---

Төмөндөгүлөр коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо принциптери болуп саналат:

1) мыйзамдуулук, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин урматтоо;

2) коомдо коррупция көрүнүштөрүнө жол берилбей турган чөйрөнү калыптандыруу үчүн шарттарды түзүү;

3) коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдардын кесиптик (эмгектик) ишине укукка жат кийлигишүүдөн, кызматтык куугунтуктоодон кепилдиктерди камсыз кылуу;

4) коррупциялык укук бузуулар тууралуу фактыларды билдирген адамдар жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгарган адамдардын жоопкерчилиги;

5) коррупциялык укук бузуулардын зыяндуу кесепеттери жөнүндө эскертүү.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111829/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111829/st-5)
