# 3-берене. Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды мамлекеттик коргоону камсыз кылуучу органдар

- Документ: [Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111829)
- Толук аталышы: КР 2019-жылдын 28-январындагы № 19 "Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.01.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111829/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2632/edition/1037887/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111829/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.01.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө, 3-берене (22.01.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111829/st-3

---

1. Төмөнкүлөр мамлекеттик коргоону камсыз кылуучу органдар болуп саналат:

1) мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу жөнүндө чечимди кабыл алган органдар;

2) коопсуздук чараларын жүзөгө ашырган органдар.

2. Мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу тууралуу чечим кылмыш же жазык иши жөнүндө арыз (билдирүү) өндүрүшүндө турган сот (судья), прокурор, алгачкы текшерүү органынын начальниги же тергөөчү тарабынан кабыл алынат.

3. Коопсуздук чараларын жүзөгө ашыруу иш өндүрүшүндө турган же анын карамагына тийиштүү болгон жазык иштери боюнча ички иштер, улуттук коопсуздук, жаза аткаруу системасынын, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү органдарына жүктөлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коопсуздуктун айрым чараларын жүзөгө ашыруу тапшырылышы мүмкүн болгон башка мамлекеттик органдарга жүктөлүшү мүмкүн.

4. Соттун же прокуратуранын өндүрүшүндө турган жазык иштери боюнча корголуучу адамдарга карата коопсуздук чаралары корголуучу адам турган жери боюнча жайгашкан соттун (судьянын) чечими же прокурордун токтому боюнча ички иштер, улуттук коопсуздук, жаза аткаруу системасынын, экономикалык кылмыштарга каршы курөшүү органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

5. Аскер кызматчыларынын ичинен корголуучу адамдарга карата коопсуздук чаралары ошондой эле тийиштүү аскер бөлүгүнүн командачылыгы жана жогору турган командачылык тарабынан жүзөгө ашырылат.

6. Тергөө изоляторлорунда же түзөтүү мекемелеринде кармалган корголуучу адамдарга карата коопсуздук чаралары ошондой эле Кыргыз Республикасынын жаза-аткаруу системасынын мекемелери жана органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111829/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111829/st-4)
