12-берене. Коопсуздук чаралары
Күчүндө · 22.01.2021 редакциясы
1. Корголуучу адамга карата бир эле учурда төмөндөгүдөй коопсуздук чараларынын бири же бир нечеси колдонулат:
1) жеке өзүн коргоо, турак жайын жана мүлкүн коргоо;
2) жеке коргонуунун, байланышуунун жана коркунуч тууралуу маалымдоонун атайын каражаттарын берүү;
3) корголуучу адам жөнүндө маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылуу;
4) башка жерге жашап турууга көчүрүү;
5) корголуучу адамдын үй-бүлө мүчөлөрүнө карата дагы зарыл учурда колдонулган анкеталык маалыматтарды өзгөртүү менен документтерди алмаштыруу;
6) тышкы келбетин өзгөртүү;
7) сотто чыгып сүйлөөдө анын тышкы келбетин маскировкалоо же кошумча көрүнөө изоляциялоо, ошондой эле соттук тергөөнүн жүрүшүндө анкеталык маалыматтарды жана башка маалыматтарды жарыя кылбоо;
8) иштеген (кызматын) же окуган жерин өзгөртүү;
9) коопсуз жерге убактылуу жайгаштыруу;
10) камакка алынган же түзөтүү мекемелериндеги корголуучу адамга карата
кошумча коопсуздук чараларын колдонуу, анын ичинде камакка алынган же жазасын өтөп жаткан бир жерден башка жерге которуу.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 4 - 7-пункттарында каралган коопсуздук чаралары оор жана өтө оор кылмыштар жөнүндө кылмыш иштери боюнча гана жүзөгө ашырылат.
3. Коопсуздук чаралары күбөлөрдүн, жабыр тарткандардын жана жазык сот өндүрүшүнүн башка катышуучуларынын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жокко чыгарылышы мүмкүн.
4. Жакын туугандарынын, туугандарынын жана жакын адамдарынын коопсуздук чаралары күбөлөрдүн, жабыр тарткандардын жана жазык сот өндүрүшүнүн башка катышуучуларынын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
Берененин тексти 22.01.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111829/st-12" title="12-берене - Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>