# 202-2-статья. Биологиялык таштандыларды жыйноонун, утилдештирүүнүн жана жок кылуунун ветеринардык-санитардык эрежелерин бузуу, айыл чарба жана үй жаныбарларынын өлүктөрүн көмүү үчүн бөлүп берилген жайларды (мал көмүлгөн жайлар, биотермикалдык чуңкурлар жана крематорийлер) кармоонун эрежелерин бузуу, мал көмүлгөн жайлардын, биотермикалдык чуңкурлардын жана крематорийлердин аймагында малды жаюу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111828)
- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 23-октябрындагы N 92 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" МЫЙЗАМЫ
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 92
- Кабыл алынган күнү: 23.10.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 3 марта 2023 года № 49 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112522)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111828/st-202-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2631/edition/1289943/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 202-2-статья (03.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111828/st-202-2

---

Айыл чарба жана үй жаныбарларынын өлүктөрүн көмүү үчүн бөлүп берилген жайларда (мал көмүлгөн жайлар, биотермикалдык чуңкурлар жана крематорийлер) малды жаюу, -

- жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Биологиялык таштандыларды жыйноонун, утилдештирүүнүн жана жок кылуунун ветеринардык-санитардык эрежелерин бузуу, айыл чарба жана үй жаныбарларынын өлүктөрүн көмүү үчүн бөлүп берилген жайларды (мал көмүлгөн жайлар, биотермикалдык чуңкурлар жана крематорийлер) кармоонун эрежелерин бузуу, -

- жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн - элүү өлчөмүндө, кызмат адамдарына - жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүз элүү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";

2) 509-статьянын 1-бөлүгү "195," деген цифралардан кийин "202, 202-1, 202-2," деген цифралар менен толукталсын.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111828/st-1)  
Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111828/st-2)
