# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставы жөнүндө", "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111826)
- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 2-августундагы N 82 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставы жөнүндө", "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" МЫЙЗАМЫ
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.08.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111826/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2629/edition/901078/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111826/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.08.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставы жөнүндө", "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2-берене (02.08.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111826/st-2

---

"Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Свободные горы" газетасына 1-тиркеме, 1992-жыл, август) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 12-статьянын 2-бөлүгүнүн төртүнчү сүйлөмү "убактылуу турак жай жалдагандыгы (жалдоо) үчүн" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте" деген сөздөр менен толукталсын;

2) 19-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"19-статья. Куралдарды, атайын каражаттарды, аскердик жана атайын техниканы, кара күчтү жана кызматтык жаныбарларды алып жүрүү, сактоо жана колдонуу укугу Аскер кызматчылары аскер кызматынын милдеттерин аткарууда, ал эми зарыл болгондо кызматтан тышкаркы убакта да штаттык (жеке) куралды, атайын каражаттарды, аскердик жана атайын техниканы алып жүрүү, сактоо жана колдонуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталуучу тартипте кара күчтү жана кызматтык жаныбарларды пайдалануу укугуна ээ болот.".

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111826/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111826/st-3)
