# 1-берене

- Документ: [Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111824)
- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 2-августундагы N 78 "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" МЫЙЗАМЫ
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 11 августа 2023 года № 179 "Об образовании"](https://aqlex.ai/kg/doc/112665)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111824/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2627/edition/1274539/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111824/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (11.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111824/st-1

---

"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 8, 323-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы отуз бешинчи абзац менен толукталсын:

"социалдык билим берүү кредити - бул Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарындагы окууга акы төлөө үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан субсидиялануучу жеңилдетилген кредит;";

2) 30-берененин 2 жана 3-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кесиптик башталгыч, кесиптик орто, кесиптик жогорку билим берүү жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү уюмдарында окуп жаткан студенттерди социалдык жактан колдоо үчүн социалдык билим берүү кредиттери берилиши мүмкүн. Социалдык билим берүү кредиттери кредиттин негизги суммасын төлөй баштоону окуу аяктаганга чейин мөөнөтүн жылдыруу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик коюмунан жогору эмес пайыздык коюм менен жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү берилген социалдык билим берүү кредиттери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик коюму менен коммерциялык банктардын пайыздык коюмдарынын ортосундагы айырма түрүндөгү чыгашаларды субсидиялайт. Социалдык билим берүү кредиттеринин шарттары, өлчөмдөрү, берүүнүн тартиби жана артыкчылыктуу багыттары жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111824/st-2)
