1-берене
Күчүн жоготкон · 11.08.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 11 августа 2023 года № 179.
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 8, 323-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы отуз бешинчи абзац менен толукталсын:
"социалдык билим берүү кредити - бул Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарындагы окууга акы төлөө үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан субсидиялануучу жеңилдетилген кредит;";
2) 30-берененин 2 жана 3-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кесиптик башталгыч, кесиптик орто, кесиптик жогорку билим берүү жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү уюмдарында окуп жаткан студенттерди социалдык жактан колдоо үчүн социалдык билим берүү кредиттери берилиши мүмкүн. Социалдык билим берүү кредиттери кредиттин негизги суммасын төлөй баштоону окуу аяктаганга чейин мөөнөтүн жылдыруу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик коюмунан жогору эмес пайыздык коюм менен жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү берилген социалдык билим берүү кредиттери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик коюму менен коммерциялык банктардын пайыздык коюмдарынын ортосундагы айырма түрүндөгү чыгашаларды субсидиялайт. Социалдык билим берүү кредиттеринин шарттары, өлчөмдөрү, берүүнүн тартиби жана артыкчылыктуу багыттары жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.".
Берененин тексти 11.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 11.08.2023 · № 179
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111824/st-1" title="1-берене - Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>