# 8-берене. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары, улуттук коопсуздук органдары жана прокуратура органдары

- Документ: [Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111822)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 6-августундагы № 87 "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" МЫЙЗАМЫ
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 января 2025 года № 26 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О противодействии финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021607)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111822#diff=2757..25971>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2625/edition/1205268/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111822/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө, 8-берене (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-8

---

1. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары, улуттук коопсуздук органдары жана прокуратура органдары ушул Мыйзамга жана алардын иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыштуу ишти каржылоого, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштарга каршы аракеттенүү боюнча чараларды көрөт.

2. Укук коргоо органдары жана улуттук коопсуздук органдары ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүүдө, тергөөгө чейинки текшерүүнү же кылмыш иши боюнча тергөөнү жүргүзүүдө кылмыштуу ишке тиешеси бар бардык финансылык жагдайларды тергөөнү жүргүзүүнү (финансылык териштирүүнү) төмөнкү максаттарда камсыз кылууга милдеттүү:

1) кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону) жана кылмыштуу ишти каржылоону аныктоо, алдын алуу, ачуу жана териштирүү;

2) кылмыштуу тармактын өлчөмдөрүн жана (же) кылмыштын масштабдарын аныктоо;

3) кылмыштуу кирешелерди, акча каражаттарын же башка кандай болбосун активдерди аныктоо жана көзөмөлдөп көз салуу;

4) кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө колдонулушу мүмкүн болгон буюмдук далилдерди алуу.

(КР 2025-жылдын 23-январындагы N 26 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-9)
