# 7-берене. Финансылык чалгындоо органы

- Документ: [Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111822)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 6-августундагы № 87 "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" МЫЙЗАМЫ
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 января 2025 года № 26 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О противодействии финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021607)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 23.01.2025 [Закон КР от 23 января 2025 года № 26 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О противодействии финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021607); 28.12.2022 [Закон Кыргызской Республики от 28 декабря 2022 года № 125 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О противодействии финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/112456)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111822#diff=2757..25971>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2625/edition/1205268/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111822/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө, 7-берене (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-7

---

1. Финансылык чалгындоо органы кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан уюштурулуучу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болуп саналат.

2. Финансылык чалгындоо органынын милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) шектүү операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөрдү жана ушул Мыйзамга ылайык берилүүчү операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө башка маалыматтарды топтоо (алуу) жана сактоо;

2) кылмыштуу ишти каржылоо, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо), предикаттык кылмыштар менен байланышкан операцияларды (бүтүмдөрдү) же жосундарды аныктоо үчүн шектүү операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөргө жана операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө маалыматтарга, ошондой эле колдо болгон жана жеткиликтүү маалыматтарга ыкчам талдоо жүргүзүү;

3) кылмыштуу ишти каржылоо, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) менен байланышкан тенденцияларды жана схемаларды аныктоо үчүн колдо болгон жана жеткиликтүү маалыматтарга, анын ичинде мамлекеттик органдар тарабынан берилген маалыматтарга стратегиялык талдоо жүргүзүү;

4) ыкчам же стратегиялык талдоонун натыйжалары боюнча жалпыланган материалды же маалыматты даярдоо жана аларды өз демилгеси боюнча же суроо-талап боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга, алардын компетенциясынын алкагында жиберүү;

5) ушул Мыйзамга ылайык жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте максаттуу финансылык санкцияларды жана операцияларды (бүтүмдөрдү) токтото туруу боюнча чараларды колдонуу;

6) кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу.

Финансылык чалгындоо органынын функциялары жана ыйгарым укуктары (укуктары жана милдеттенмелери), ошондой эле финансылык чалгындоо органынын отчеттуулук тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

3. Финансылык чалгындоо органына кызматка кирүү, финансылык чалгындоо органында кызмат өтөө жана аны токтотуу мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

Финансылык чалгындоо органында кызмат өтөгөн мезгилде финансылык чалгындоо органынын кызмат адамдарынын саясий максаттарды көздөгөн саясий партияларга, кыймылдарга жана коомдук бирикмелерге мүчөлүгү токтотулат.

4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын финансылык чалгындоо органынын ишине өз милдеттерин жана функцияларын аткарып жатканда кийлигишүүгө жол берилбейт.

(КР 2022-жылдын 28-декабрындагы № 125, 2024-жылдын 7-февралындагы № 38, 2025-жылдын 23-январындагы N 26 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-8)
