# 5-берене. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар

- Документ: [Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111822)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 6-августундагы № 87 "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" МЫЙЗАМЫ
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 января 2025 года № 26 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О противодействии финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021607)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 23.01.2025 [Закон КР от 23 января 2025 года № 26 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О противодействии финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021607); 28.12.2022 [Закон Кыргызской Республики от 28 декабря 2022 года № 125 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О противодействии финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/112456); 05.08.2022 [Закон КР от 5 августа 2022 года № 81 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере виртуальных активов"](https://aqlex.ai/kg/doc/112417)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111822#diff=2757..25971>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2625/edition/1205268/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111822/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө, 5-берене (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-5

---

1. Ушул Мыйзамда финансылык мекемелер деп төмөнкү юридикалык жактар, чет өлкөлүк юридикалык жактардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү) түшүнүлөт:

1) ипотекалык компаниялар (уюмдар);

2) коммерциялык банктар;

3) кредиттик союздар;

4) лизингдик компаниялар (уюмдар);

5) күрөөканалар;

6) микрофинансылык уюмдар (микрокредиттик агенттиктер, микрокредиттик компаниялар, микрофинансылык компаниялар, адистештирилген финансылык-кредиттик мекемелер);

7) топтолмо пенсиялык фонддор;

8) алмаштыруу бюролору;

9) электрондук акчаларды колдонуу менен эсептешүү системасынын операторлору;

10) кайра камсыздандыруу уюмдары жана брокерлер;

11) төлөм уюмдары;

12) почта байланышынын ишканалары;

13) баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары;

14) ссудалык-аманат турак жай-курулуш кассалары;

15) камсыздандыруу уюмдары (камсыздандыруучулар);

16) камсыздандыруу брокерлери;

17) товардык биржалар;

18) электрондук акчалардын эмитенттери жана агенттери (дистрибьюторлор),

19) виртуалдык активдер кызматтарын көрсөтүүчүлөр.

2. Ушул Мыйзамда финансылык эмес категориядагы жактар деп төмөнкү жеке жана (же) юридикалык жактар, чет өлкөлүк юридикалык жактардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү) түшүнүлөт:

1) мамлекеттик жана жеке нотариустар;

2) түзүлгөн контракттын негизинде өз кардарынын атынан же анын тапшырмасы боюнча операцияны (бүтүмдү) жүргүзүүгө даярдоо же операцияны (бүтүмдү) жасоочу боюнча кесиптик негизде кызмат көрсөтүүчү көз карандысыз юристтер (жеке ишкерлер), юридикалык компаниялар жана алардын кызматкерлери (юрисконсульттар);

3) риэлторлор (агенттер, брокерлер, ортомчулар, кыймылсыз мүлктү сатуунун уюштуруучулары, кыймылсыз мүлктүн ишенимдүү башкаруучулары);

4) баалуу металлдар жана асыл таштар, алардан жасалган зер буюмдар, ошондой эле мындай буюмдардын сыныктары менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактар;

5) юридикалык жактарды түзүү же юридикалык жактарды башкаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү жеке жана юридикалык жактар;

6) оюн-зоок ишин жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар.

3. Электрондук маалымат базасы түрүндөгү финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлөт жана жарыяланат.

(КР 2022-жылдын 5-августундагы № 81, 2022-жылдын 28-декабрындагы № 125, 2024-жылдын 7-февралындагы № 38, 2025-жылдын 23-январындагы N 26 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-6)
