# 32-берене. Жоопкерчилик жана жоопкерчиликтен бошотуу

- Документ: [Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111822)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 6-августундагы № 87 "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" МЫЙЗАМЫ
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 января 2025 года № 26 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О противодействии финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021607)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111822#diff=2757..25971>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2625/edition/1205268/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111822/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө, 32-берене (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-32

---

1. Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын бузулушуна же талаптагыдай эмес аткарылышына күнөөлүү финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылышат.

2. Жеке жана юридикалык жактар кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону) жасагандыгы, террористтик жана экстремисттик ишти каржылагандыгы, массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылагандыгы жана уюшкан кылмыштуу топторду же кылмыштуу коомдоштуктарды каржылагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

3. Финансылык чалгындоо органынын, укук коргоо органдарынын, улуттук коопсуздук органдарынын, прокуратура органынын, текшерүүчү органдардын жана мамлекеттик органдардын жетекчилиги жана кызматкерлери, анын ичинде мурда иштеп кеткендери, ошондой эле финансылык чалгындоо органы менен эмгек келишимдерин түзгөн адамдар кызматтык, коммерциялык, банктык, салык сырды жана байланыштын сырын (акча каражаттарын почта аркылуу которуулар жөнүндө маалымат жагынан) түзгөн маалыматтарды же документтерди мыйзамсыз ачыктагандыгы жана пайдалангандыгы, ошондой эле кызмат абалын кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

4. Текшерүүчү органдар кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышын контролдоо боюнча өз функцияларын талаптагыдай эмес (шалаакы) аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

5. Финансылык мекемелер, финансылык эмес категориядагы жактар, алардын жетекчилери жана кызмат адамдары (кызматкерлери) финансылык чалгындоо органына шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүүнү жибергендиги үчүн жана кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган милдеттерди талаптагыдай аткарууга байланыштуу жеке жана юридикалык жактарга келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартпайт.

6. Каражаттарды жана (же) операцияларды (бүтүмдөрдү) тоңдуруу, операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуп туруу, ишкер мамилелерди түзүүдөн же банктык эсепти (аманатты) ачуудан баш тартуу же болбосо операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүдөн баш тартуу, ошондой эле ишкер мамилелерди токтотуп туруу же токтотуу, кардар менен келишимди бузуу жана банктык эсепти жабуу, эгерде көрсөтүлгөн аракеттер кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жасалган болсо, жарандык-укуктук же башка жоопкерчиликке алып келбейт.

(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 38, 2025-жылдын 23-январындагы N 26 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-31)  
Кийинки берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-33)
