# 31-берене. Финансылык эмес категориядагы жактар тарабынан ушул Мыйзамдын ченемдерин аткаруунун өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111822)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 6-августундагы № 87 "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" МЫЙЗАМЫ
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 декабря 2022 года № 125 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О противодействии финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/112456)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111822#diff=1205271..1205272>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2625/edition/1205268/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111822/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө, 31-берене (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-31

---

1. Финансылык эмес категориядагы жактар ушул Мыйзамдын айрым беренелеринин талаптарын төмөнкү учурларда аткарышат:

1) риэлторлор (агенттер, брокерлер, ортомчулар, кыймылсыз мүлктү соодалоону уюштуруучулар, кыймылсыз мүлктү ишенимдүү башкаруу) өзүнүн кардары (кыймылсыз мүлктү сатуучу же сатып алуучу) үчүн кыймылсыз мүлктү сатып алуу же сатуу боюнча операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзгөн учурунда - ушул Мыйзамдын 18, 21, 22, 24-беренелеринде каралган ченемдерди аткарат;

2) баалуу металлдар жана асыл таштар, алардан жасалган зер буюмдар, ошондой эле мындай буюмдардын сыныктары менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүчү жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү чектик суммага барабар же андан ашкан суммада накталай акча каражаттары менен каалаган операцияларды (бүтүмдөрдү), анын ичинде бири-бири менен байланышкан бир нече операцияларды (бүтүмдөрдү) кардар менен жүзөгө ашырган учурда - ушул Мыйзамдын 18, 21, 22, 23, 24-беренелеринде каралган ченемдерди аткарат;

3) мамлекеттик жана жеке нотариустар, көз карандысыз юристтер (жеке ишкерлер). юридикалык компаниялар жана алардын кызматкерлери (юрисконсульттары) өз кардарынын атынан же анын тапшыруусу боюнча төмөнкү тармактарда операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүгө даярдоого көмөк көрсөткөн же операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзгөн учурда - ушул Мыйзамдын 18, 21, 22, 23, 24-беренелеринде каралган ченемдерди аткарат:

а) кыймылсыз мүлктү сатып алуу же сатуу;

б) кардардын акча каражаттарын, баалуу кагаздарын же мүлкүн башкаруу;

в) банктык, аманат эсептерин же баалуу кагаздарды башкаруу;

г) юридикалык жакты түзүү, иштешин камсыз кылуу же башкаруу максатында каражаттарды топтоо;

д) юридикалык жакты түзүү же иштешин камсыз кылуу же юридикалык жакты башкаруу жана коммерциялык ишканаларды сатып алуу-сатуу;

4) юридикалык жактарды түзүү же юридикалык жактарды башкаруу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү жеке жана юридикалык жактар өз кардарынын атынан же анын тапшыруусу боюнча төмөнкү тармактарда операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүгө даярданууга көмөк көрсөткөн же операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзгөн учурда - ушул Мыйзамдын 18, 21, 22, 23, 24-беренелеринде каралган ченемдерди аткарат:

а) юридикалык жакты түзүү жана каттоо боюнча агент катары аракеттенүү;

б) юридикалык жактын директорунун же катчысынын, шериктештиктеги өнөктүн милдеттерин аткаруу же юридикалык жакта ушул сыяктуу башкаруу кызматын ээлөө же болбосо башка жеке жак үчүн ал ушундай милдеттерди аткаруусуна шарттарды түзүү;

в) юридикалык жак, шериктештик, чет өлкөлүк түзүлүш жана траст үчүн катталган офисти же юридикалык жана иш жүзүндөгү даректи берүү;

г) чет өлкөлүк трастта ишенимдүү адамдын милдеттерин аткаруу же чет өлкөлүк юридикалык түзүлүштө ушуга теңдеш функцияны жүзөгө ашыруу же болбосо башка жеке жак үчүн ал ушундай милдеттерди аткаруусуна шарттарды түзүү;

д) номиналдуу акционердин милдеттерин аткаруу же болбосо башка жеке жак үчүн ал ушундай милдеттерди аткаруусуна шарттарды түзүү.

2. Финансылык эмес категориядагы жактар ушул Мыйзамдын 9, 10, 11, 13, 14, 15, 19, 20, 25 жана 26-беренелеринде каралган ченемдерди аткарат.

(КР 2022-жылдын 28-декабрындагы № 125 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-30)  
Кийинки берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-32)
