# 30-берене. Кылмыштуу активдерди кайра кайтаруу маселелери боюнча эл аралык кызматташуу

- Документ: [Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111822)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 6-августундагы № 87 "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" МЫЙЗАМЫ
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 декабря 2022 года № 125 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О противодействии финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/112456)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111822#diff=1205271..1205272>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2625/edition/1205268/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111822/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө, 30-берене (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-30

---

1. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жакка мыйзамсыз (кылмыштуу) жол менен чыгарылып кеткен жана (же) Кыргыз Республикасынын сотунун чечиминин негизинде конфискацияланган каражаттар Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына жана эл аралык келишимдерине ылайык Кыргыз Республикасына толук же жарым-жартылай кайра кайтарылууга тийиш.

2. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жакка мыйзамсыз (кылмыштуу) жол менен чыгарылып кеткен каражаттарды кайра кайтаруу маселелери боюнча эл аралык кызматташтык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

(КР 2022-жылдын 28-декабрындагы № 125 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-29)  
Кийинки берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-31)
