# 29-берене. Эл аралык кызматташтыктын негизги формалары

- Документ: [Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111822)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 6-августундагы № 87 "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" МЫЙЗАМЫ
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 января 2025 года № 26 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О противодействии финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021607)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111822#diff=2757..25971>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2625/edition/1205268/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111822/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө, 29-берене (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-29

---

1. Чет мамлекеттердин компетенттүү органдары жана эл аралык уюмдар менен эл аралык кызматташуу төмөнкүдөй формаларда жүзөгө ашырылат:

1) Кыргыз Республикасынын эл аралык өз ара мамилелер маселелери боюнча мыйзамдарына ылайык берилүүгө тийиш болбогон маалыматтарды же документтерди кошпогондо, Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын карамагында турган же аларды Кыргыз Республикасынын аймагында ала алуучу бардык маалыматтарды же документтерди алмашуу (алуу же жөнөтүү);

2) кылмыштуу ишти каржылоону жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштарды жасагандыгын күбөлөндүргөн жетиштүү негиздер (шектенүүлөр) болгон учурда чет мамлекеттердин компетенттүү органдарына маалыматты (өз демилгеси боюнча же суроо-талап боюнча) жөнөтүү;

3) финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын ишин жөнгө салуу жана контролдоо (көзөмөлдөө) чөйрөсүндө тажрыйба жана маалымат алмашуу, ошондой эле эл аралык суроо-талаптын негизинде финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын ишин текшерүү;

4) ушул Мыйзамга, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларына жана эл аралык суроо-талаптарга ылайык максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу;

5) кылмыштуу ишти каржылоону, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштарды айкындоого жана териштирүүгө, ошондой эле ушул кылмыштуу жосундарга тиешеси бар жеке жана юридикалык жактарды айкындоого көмөк көрсөтүү;

6) кылмыштуу ишти каржылоо, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана предикаттык кылмыштар менен байланышкан кылмыш иштери боюнча маалыматты топтоо, алдын ала тергөө, соттук териштирүү жана соттук чечимдерди аткаруу стадияларында өз ара укуктук жардам көрсөтүү, анын ичинде, адамдарды өткөрүп берүү (экстрадиция);

7) кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча эл аралык уюмдардын ишине катышуу;

8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген эл аралык кызматташуунун белгиленген формаларында катышуу.

2. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары өз компетенцияларынын чегинде эл аралык суроо-талаптарга болгон чет мамлекеттердин компетенттүү органдарынын жоопторунун сапатына мониторинг жүргүзүшөт.

(КР 2025-жылдын 23-январындагы N 26 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-28)  
Кийинки берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-30)
