# 28-берене. Эл аралык кызматташтыктын жалпы жоболору

- Документ: [Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111822)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 6-августундагы № 87 "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" МЫЙЗАМЫ
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 января 2025 года № 26 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О противодействии финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021607)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 23.01.2025 [Закон КР от 23 января 2025 года № 26 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О противодействии финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021607); 28.12.2022 [Закон Кыргызской Республики от 28 декабря 2022 года № 125 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О противодействии финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/112456)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111822#diff=2757..25971>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2625/edition/1205268/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111822/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө, 28-берене (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-28

---

1. Кылмыштуу ишти каржылоого, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштарга каршы аракеттенүү, ошондой эле маалыматтарды же документтерди алмашуу жана максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык, Кыргыз Республикасынын эл аралык өз ара мамилелер маселелери боюнча мыйзамдарына. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларына ылайык Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Кыргыз Республикасынын чет мамлекет менен эл аралык келишими жок болгон учурда эл аралык кызматташтык өз ара пайдалуу принципте жүзөгө ашырылат.

3. Эл аралык кызматташтык Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын же чет мамлекеттин компетенттүү органынын эл аралык суроо-талабынын негизинде жүзөгө ашырылат.

4. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын тизмеги, эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу тартиби, анын ичинде эл аралык суроо-талаптарды даярдоо, жөнөтүү, аткаруу жана каттоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

(КР 2022-жылдын 28-декабрындагы № 125, 2025-жылдын 23-январындагы N 26 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-29)
