# 25-берене. Кылмыштуу ишти жүзөгө ашыргандыгы үчүн жазасын өтөгөн жеке жактар менен операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүү

- Документ: [Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111822)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 6-августундагы № 87 "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" МЫЙЗАМЫ
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 января 2025 года № 26 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О противодействии финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021607)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111822#diff=2757..25971>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2625/edition/1205268/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111822/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө, 25-берене (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-25

---

1. Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону), террористтик ишти, экстремисттик ишти, массалык кыргын салуучу куралды таратууну, кылмыштарды жасоо үчүн уюшкан топту же кылмыштуу коомдоштукту түзүүнү жана жетектөөнү, же болбосо ошол топко жана коомдоштукка катышууну же ошол топко же коомдоштукка башка көмөк көрсөтүүнү жүзөгө ашыргандыгы (жасагандыгы), ошондой эле мындай кылмыштуу ишти (мындан ары бул беренеде - кылмыштуу иш) каржылагандыгы үчүн жазасын өтөгөн жеке жак тарабынан жасалган операцияларга (бүтүмдөргө) кылмыштуу ишти кайталап жасоону аныктоо жана алдын алуу үчүн милдеттүү мониторинг жүргүзүлүүгө тийиш.

2. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кылмыштуу ишти жүзөгө ашыргандыгы үчүн жазасын өтөгөн жеке жак тарабынан жасалган операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүнү алар жасалган күндөн тартып эки жумуш күндүн ичинде финансылык чалгындоо органына берүүгө милдеттүү.

3. Кылмыштуу ишти жүзөгө ашыргандыгы үчүн жазасын өтөгөн жеке жактардын тизмегин түзүүнүн жана жарыялоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

(КР 2025-жылдын 23-январындагы N 26 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-24)  
Кийинки берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-26)
