# 24-берене. Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн жеке же юридикалык жактары менен болгон операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүү

- Документ: [Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111822)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 6-августундагы № 87 "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" МЫЙЗАМЫ
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 декабря 2022 года № 125 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О противодействии финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/112456)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111822#diff=1205271..1205272>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2625/edition/1205268/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111822/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө, 24-берене (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-24

---

1. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар жүргүзүлгөн операциянын (бүтүмдүн) суммасына карабастан жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн жеке же юридикалык жактары (жогорку тобокелдиктеги өлкөдө катталган же иш жүргүзгөн жеке же юридикалык жактар) менен болгон операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүнү финансылык чалгындоо органына берүүгө милдеттүү.

2. Финансылык чалгындоо органына билдирилүүгө тийиш болгон жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн жеке же юридикалык жактары менен болгон операциялардын (бүтүмдөрдүн) тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте аныкталат.

3. Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн жеке же юридикалык жактары менен жүргүзүлгөн операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүү ал жүргүзүлгөн күндөн тартып эки жумушчу күндүн ичинде финансылык чалгындоо органына берилет.

(КР 2022-жылдын 28-декабрындагы № 125 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-25)
