# 23-берене. Шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүү

- Документ: [Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111822)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 6-августундагы № 87 "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" МЫЙЗАМЫ
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 января 2025 года № 26 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О противодействии финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021607)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 23.01.2025 [Закон КР от 23 января 2025 года № 26 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О противодействии финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021607); 28.12.2022 [Закон Кыргызской Республики от 28 декабря 2022 года № 125 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О противодействии финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/112456)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111822#diff=2757..25971>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2625/edition/1205268/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111822/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө, 23-берене (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-23

---

1. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүүнү төмөнкүдөй учурларда түзүшөт жана финансылык чалгындоо органына жиберишет:

1) эгерде каражаттар кылмыштуу жол менен, анын ичинде предикаттык кылмыштардан. алынган киреше экендиги же кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) менен байланышкандыгы тууралуу шектенүү же шектенүүгө жетиштүү негиздер болсо;

2) эгер каражаттар төмөнкүлөрдү каржылоого байланышкандыгы тууралуу шектенүү же шектенүүгө жетиштүү негиздер болсо:

а) террористтерди жана экстремисттерди;

б) террористтик жана экстремисттик уюмдарды (топторду);

в) террористтик жана экстремисттик ишти.

г) уюшкан топторду же кылмыштуу коомдоштуктарды;

д) массалык кыргын салуучу куралды таратууну.

2. Шектүү операциялар жөнүндө, анын ичинде шектүү операцияларды (бүтүмдөрдү) жасоо аракети жөнүндө билдирүү жүргүзүлгөн же жүргүзүлүп жаткан операциянын (бүтүмдүн) суммасына карабастан жиберилүүгө тийиш.

3. Шектүү операцияларды (бүтүмдөрдү) айкындоо боюнча усулдук көрсөтмөлөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жарыяланат.

4. Шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүү операция (бүтүм) белгиленген тартипте шектүү деп таанылган учурдан тартып беш сааттын ичинде финансылык чалгындоо органына берилет.

(КР 2022-жылдын 28-декабрындагы № 125, 2025-жылдын 23-январындагы N 26 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-24)
