# 22-берене. Маалыматтарды жана документтерди сактоо

- Документ: [Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111822)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 6-августундагы № 87 "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" МЫЙЗАМЫ
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 января 2025 года № 26 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О противодействии финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021607)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111822#diff=2757..25971>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2625/edition/1205268/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111822/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө, 22-берене (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-22

---

1. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар төмөнкү маалыматтарды жана документтерди сактоого милдеттүү:

1) кардарды талаптагыдай текшерүүнүн натыйжасында алынган маалыматтар, ишкер кат алышуу жана документтердин көчүрмөлөрү, анын ичинде кардардын жана бенефициардык ээсинин анкеталары - кардар менен иштиктүү мамилелер токтогондон, эсеп жабылгандан же кардар менен бир жолку операция (бүтүм) жүргүзүлгөндөн кийин беш жылдан кем эмес;

2) жүргүзүлгөн бардык операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө маалыматтар жана документтер - операция (бутум) бүткөндөн кийин беш жылдан кем эмес;

3) жүргүзүлгөн операцияларды (бүтүмдөрдү) талдоо боюнча корутундулар же маалымкаттар - операция (бүтүм) аяктагандан кийин беш жылдан кем эмес;

4) кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган маалыматтар жана документтер - кардар менен ишкер мамиле токтогондон, эсеп жабылгандан же кардар менен бир жолку операция (бүтүм) жүргүзүлгөндөн кийин беш жылдан кем эмес.

2. Электрондук которууну жөнөтүүчү же алуучу же өзү аркылуу транзит менен электрондук которуу жүргүзүлгөн финансылык мекеме жөнөтүүчү же алуучу тууралуу электрондук акча которууну коштогон бардык маалыматты операция аяктаган же кардар менен ишкер мамиле токтогон же болбосо эсеп жабылган мезгилден тартып беш жылдан кем эмес сактоого милдеттүү.

3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн маалыматтар жана документтер жүргүзүлгөн операциянын (бүтүмдүн) мүнөздөмөсүн калыбына келтирүүгө же операциянын (бүтүмдүн) бардык тизмектерин калыбына келтирүү жолу менен каражаттардын изине түшүүгө жана керектүү учурда Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык тергөөдө же соттук териштирүүдө далил катары колдонууга мүмкүнчүлүк берген жетиштүү көлөмдө сакталышы керек.

4. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн маалыматтарды жана документтерди төмөнкүлөргө беришет:

1) ушул Мыйзамга ылайык финансылык чалгындоо органына жана тиешелүү текшерүүчү органга;

2) Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына, улуттук коопсуздук органдарына, прокуратура органдарына.

(КР 2025-жылдын 23-январындагы N 26 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-23)
