# 21-берене. Кардарды талаптагыдай текшерүү

- Документ: [Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111822)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 6-августундагы № 87 "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" МЫЙЗАМЫ
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 января 2025 года № 26 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О противодействии финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021607)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 23.01.2025 [Закон КР от 23 января 2025 года № 26 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О противодействии финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021607); 28.12.2022 [Закон Кыргызской Республики от 28 декабря 2022 года № 125 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О противодействии финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/112456)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111822#diff=2757..25971>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2625/edition/1205268/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111822/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө, 21-берене (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-21

---

1. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар өздөрүнүн бардык кардарларына карата кардарды талаптагыдай текшерүүнүн төмөнкүдөй чараларын колдонууга милдеттүү:

1) кардарды идентификациялоого жана верификациялоого;

2) кардардын ишкер мамилесинин максаты жана болжолдонгон мүнөзү жөнүндө маалымат алууга;

3) бенефициардык ээсин идентификациялоого жана бенефициардык ээсин верификациялоо үчүн жеткиликтүү жана акылга сыярлык чараларды көрүүгө;

4) кардарды жана бенефициардык ээсин идентификациялоонун жана верификациялоонун натыйжасында алынган маалыматтарды документтештирип жазууга;

5) кардардын иши жана анын финансылык абалы жөнүндө маалыматтарды жана документтерди, ошондой эле кардарды талаптагыдай текшерүүнүн натыйжасында алынган маалыматтарды жана документтерди сактоого жана жаңылап турууга;

6) кардар менен ишкер мамиледе болгон бардык мезгилде кардарды дайыма талаптагыдай текшерип жана кардар тарабынан жүргүзүлгөн операциялардын (бүтүмдөрдүн) анын ишинин мазмуну, финансылык абалы жана каражаттарынын булагы, ошондой эле кардардын тобокелдигинин мүнөзү жөнүндө колдо болгон маалыматка шайкештигин туруктуу негизде талдап турууга.

Кардарды талаптагыдай текшерүүнүн жогоруда көрсөтүлгөн чаралары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген учурларда. жана тартипте, ошондой эле тобокелдиктерди баалоонун жыйынтыктарын эске алуу менен колдонулат.

2. Эгерде кардардын атынан ишенимдүү жак иш алып барса, финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар аны идентификациялоого жана верификациялоого, мындай жактын тийиштүү ыйгарым укуктарын текшерүүгө, ошондой эле алынган маалыматтарды документтештирип жазууга милдеттүү.

3. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар коомдук кызмат адамдарына карата кардарды талаптагыдай текшерүүнүн төмөнкүдөй кошумча чараларын колдонушат:

1) тобокелдиктерди башкаруу системасын кардар же бенефициар ээси же болбосо камсыздандыруу ордун толтуруунун алуучусу - коомдук кызмат адамы болуп саналарын аныктоо үчүн колдонуу;

2) коомдук кызмат адамы менен ишкер мамиле түзүү же улантуу үчүн (болгон кардарлар үчүн) финансылык мекеменин жетекчисинин жана финансылык эмес категориядагы жактардын жетекчисинин (бар болсо) жазуу жүзүндөгү уруксатын алуу;

3) коомдук кызмат адамынын акча каражатынын же башка мүлкүнүн келип чыгуу булагын аныктоо;

4) ишкер мамилелерге, анын ичинде жогорку тобокелдиктеги кардарлар үчүн белгиленген тартипте коомдук кызмат адамдары тарабынан жүзөгө ашырылуучу операцияларга (бүтүмдөргө) туруктуу жана тереңдетилген мониторинг жүргүзүү.

Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар жогоруда көрсөтүлгөн кардарды талаптагыдай текшерүүнүн кошумча чараларын коомдук кызмат адамынын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жакын адамдарына (жакын туугандары, ишкер өнөктөштөрү жана расмий өкүлдөрү) карата, ошондой эле жогорку деңгээлдеги тобокелдиги бар башка кардарларга карата колдонушат.

4. Кардарлар финансылык мекемелерге жана финансылык эмес категориядагы жактарга кардарды талаптагыдай текшерүү үчүн суралган маалыматтарды жана (же) документтерди берүүгө милдеттүү.

5. Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү үчүн суралган маалыматтарды жана (же) документтерди кардар бербеген учурда, финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:

1) кардар менен ишкер мамиле түзбөйт (тейлөөгө кабыл алуудан жана эсеп ачуудан баш тартат);

2) кардар менен болгон ишкер мамилени токтотуп турат же кыскартат (тейлөөдөн баш тартат) жана кардар менен түзүлгөн келишимди бузат;

3) операцияны (бүтүмдү) жүзөгө ашырбайт.

Мындай учурда чечим кабыл алуу учурунда финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар андай чечим кабыл алынган күндөн тартып бир жумушчу күндүн ичинде финансылык чалгындоо органына тийиштүү билдирүү жиберүүгө милдеттүү.

6. Чет өлкөлүк банктар жана финансылык мекемелер (респондент мекеме) менен эл аралык корреспонденттик банктык жана ушул сыяктуу мамилелерди түзүүдө, финансылык мекемелер (корреспондент мекеме) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген кошумча чараларды көрүүгө милдеттүү.

7. Эл аралык электрондук акча которууларды жана Кыргыз Республикасынын ичинде электрондук акча которууларды жүзөгө ашырууда кардарды талаптагыдай текшерүү жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

(КР 2022-жылдын 28-декабрындагы № 125, 2025-жылдын 23-январындагы N 26 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-22)
