# 20-берене. Тобокелдикке багытталган ыкма

- Документ: [Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111822)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 6-августундагы № 87 "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" МЫЙЗАМЫ
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 декабря 2022 года № 125 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О противодействии финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/112456)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111822#diff=1205271..1205272>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2625/edition/1205268/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111822/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө, 20-берене (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-20

---

1. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) тобокелдиктерин улуттук баалоонун натыйжаларын жана жогорку жана төмөнкү тобокелдиктердин типтүү критерийлерин эске алуу менен өз тобокелдиктерин баалоого, аныктоого, документ түрүндө жазууга жана дайыма жаңылоого;

2) тийиштүү текшерүүчү органга жана финансылык чалгындоо органына айкындалган тобокелдиктер жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө;

3) тобокелдиктерди башкаруу жана азайтуу боюнча күчөтүлгөн же жөнөкөйлөтүлгөн саясатты, ошондой эле контролдоо чараларын иштеп чыгууга жана колдонууга;

4) тобокелдиктерди баалоонун жыйынтыктарын эске алуу менен, кардарды талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн же жөнөкөйлөтүлгөн чараларын колдонууга;

5) тобокелдиктин критерийлерин эске алуу менен өздөрүнүн кардарларын классификациялоого.

2. Тобокелдиктерди баалоо, классификациялоо, башкаруу жана азайтуу боюнча жалпы талаптар, ошондой эле жогорку жана төмөнкү тобокелдиктердин типтүү критерийлери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте аныкталат.

(КР 2022-жылдын 28-декабрындагы № 125 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-21)
