# 2-берене. Ушул Мыйзамдын максаты жана милдеттери

- Документ: [Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111822)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 6-августундагы № 87 "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" МЫЙЗАМЫ
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 января 2025 года № 26 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О противодействии финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021607)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111822#diff=2757..25971>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2625/edition/1205268/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111822/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө, 2-берене (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-2

---

1. Ушул Мыйзамдын максаты адамдын укуктары менен эркиндиктерин коргоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун жана финансы системасынын бүтүндүгүн кылмыштуу кол салуулардан коргоо болуп саналат.

2. Ушул Мыйзамдын милдеттери төмөнкүлөр боюнча укуктук жана уюштуруучулук негиздерди аныктоо жана белгилөө болуп саналат:

1) кылмыштуу ишти каржылоого, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштарга каршы аракеттенүү үчүн алдын алуу чараларын колдонуу боюнча;

2) кылмыштуу ишти каржылоону жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштарды таап чыгуу, бөгөт коюу, ачуу жана териштирүү боюнча, ошондой эле ушул жосундарды жасоого түрткү берген себептерди жана шарттарды жоюу боюнча;

3) кылмыштуу ишти каржылоого, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштарга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мамлекет ичиндеги өз ара аракеттенүүнү бекемдөө жана өнүктүрүү боюнча;

4) кылмыштуу ишти каржылоого, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштарга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты бекемдөө жана өнүктүрүү боюнча.

(КР 2025-жылдын 23-январындагы N 26 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-3)
