# 18-берене. Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө карата колдонулуучу чаралар (санкциялар)

- Документ: [Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111822)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 6-августундагы № 87 "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" МЫЙЗАМЫ
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 декабря 2022 года № 125 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О противодействии финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/112456)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111822#diff=1205271..1205272>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2625/edition/1205268/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111822/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө, 18-берене (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-18

---

1. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн ар кандай жеке же юридикалык жактары менен иш мамилелерин түзүүдө жана (же) операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашырууда, тобокелдиктерге жараша кардарды талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн чараларын жана башка чараларды (санкцияларды) колдонууга тийиш.

2. Кыргыз Республикасынын текшерүүчү органдары жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө карата чараларды (санкцияларды) колдонот.

3. Кардарды талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн чараларынын жана башка чаралардын (санкциялардын) түрлөрү жана аларды колдонуу тартиби, ошондой эле жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн тизмегин түзүү жана жарыялоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

(КР 2022-жылдын 28-декабрындагы № 125 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-19)
