# 17-берене. Накталай акча каражаттарынын же көрсөтүүчүгө берилген жүгүртүлүүчү инструменттердин мыйзамсыз орун которууларын айкындоо боюнча чаралар

- Документ: [Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111822)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 6-августундагы № 87 "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" МЫЙЗАМЫ
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 декабря 2022 года № 125 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О противодействии финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/112456)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111822#diff=1205271..1205272>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2625/edition/1205268/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111822/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө, 17-берене (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-17

---

1. Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу ар түрдүү ыкмалар менен жүзөгө ашырылуучу накталай акча каражаттарын жана көрсөтүүчүгө берилген жүгүртүлүүчү инструменттерди алып өтүү, ошондой эле алардын алып өтүүсүн контролдоо Кыргыз Республикасынын бажы иштеринин чөйрөсүндөгү мыйзамдарына, Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кабыл алынган эл аралык келишимдерге жана актыларга ылайык жөнгө салынат.

2. Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу алынып өтүп жаткан накталай акча каражаттарын жана көрсөтүүчүгө берилген жүгүртүлүүчү инструменттерди декларациялоонун натыйжасында алынган маалымат жалпыланат жана анын негизинде электрондук маалымат базасы түзүлөт, ал декларацияланган учурдан тартып кеминде беш жыл сакталат.

Электрондук маалымат базасын түзүү тартиби жана ага кирүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

3. Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттардын же көрсөтүүчүгө берилген жүгүртүлүүчү инструменттердин мыйзамсыз алынып өтүшүн айкындоо боюнча чаралар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан көрүлөт, мында маалыматтын талаптагыдай пайдаланылышын камсыз кылууга багытталган кепилдиктер сакталган шартта мыйзамдуу акча каражаттарынын же көрсөтүүчүгө берилген жүгүртүлүүчү инструменттердин алынып өтүшү үчүн кандайдыр бир тоскоолдуктар түзүлбөйт.

(КР 2022-жылдын 28-декабрындагы № 125 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-18)
