# 14-берене. Операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуп туруу боюнча чаралар

- Документ: [Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111822)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 6-августундагы № 87 "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" МЫЙЗАМЫ
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 января 2025 года № 26 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О противодействии финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021607)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111822#diff=2757..25971>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2625/edition/1205268/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111822/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө, 14-берене (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-14

---

1. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар операцияны (бүтүмдү) шектүү деп таануу жөнүндө чечим кабыл алынган операцияны (бүтүмдү) кечиктирбестен токтотуп турууга жана бул жөнүндө операция (бүтүм) токтотулуп турган учурдан тартып үч сааттын ичинде финансылык чалгындоо органына билдирүүгө милдеттүү.

Ушул Мыйзамдын 23-беренесинде каралган учурларда операциялар (бүтүмдөр) шектүү деп таанылат.

2. Операцияны (бүтүмдү) шектүү деп таануу жана шектүү операцияны (бүтүмдү) токтотуп туруу жөнүндө чечим кардардын жана аны менен байланышкан жактардын ишкер мамилелерине же операцияларына (бүтүмдөрүнө) талдоо жүргүзүүнүн негизинде кабыл алынат жана кардар жана аны менен байланышкан жактар шектүү операцияны (бүтүмдү) жасап жаткандыгы жөнүндө маалыматтарды камтууга тийиш.

Операцияны (бүтүмдү) шектүү деп таануу жана шектүү операцияны (бүтүмдү) токтотуп туруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

3. Кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк, интеллектуалдык менчик объекттери (ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер, өнөр жай үлгүлөрү, товардык белгилер, тейлөө белгилери) менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар жана мекемелер Санкциялык тизмекке киргизилген жеке жана юридикалык жактарга, топторго, уюмдарга алардын катыштыгы бар экендиги жөнүндө укук коргоо органдарынан жана улуттук коопсуздук органдарынан алынган маалыматтар болгон бүтүмдөрдү каттоону токтотуп турууга, ошондой эле бул жөнүндө токтотулуп турган учурдан тартып үч сааттын ичинде финансылык чалгындоо органына билдирүүгө милдеттүү.

4. Токтотулуп турган операцияны (бүтүмдү) андан ары жүргүзүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте токтотулуп турган операцияны (бүтүмдү) талдоонун жыйынтыгы боюнча финансылык чалгындоо органы тарабынан кабыл алынат.

(КР 2025-жылдын 23-январындагы N 26 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-15)
