# 10-берене. Тыюу салынган аракеттер

- Документ: [Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111822)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 6-августундагы № 87 "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" МЫЙЗАМЫ
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 января 2025 года № 26 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О противодействии финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021607)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111822#diff=2757..25971>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2625/edition/1205268/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111822/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө, 10-берене (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-10

---

1. Кыргыз Республикасында төмөнкүлөргө тыюу салынат:

1) кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого), террористтик жана экстремисттик иштерди каржылоого, уюшкан топторду же кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоого, массалык кыргын салуучу куралдарды таратууну каржылоого;

2) санкциялык тизмекке киргизилген жактарга түз же кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу), толук же жарым-жартылай каражаттарды берүүгө же болбосо финансылык кызматтарды көрсөтүүгө;

3) обочо банкты түзүүгө же обочо банктын ишин улантууга, же болбосо өзүнүн эсептерин обочо банктардын пайдалануусуна уруксат берген обочо банктар же банк-респонденттер менен корреспонденттик мамилелерди түзүүгө же улантууга, ошондой эле банктык жана ушундай эсептердин обочо банктар тарабынан пайдаланылуусуна мүмкүнчүлүк берүүгө;

4) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралбаган чет өлкөлүк трасттарды жана юридикалык түзүлүштөрдү түзүүгө же иштетүүгө;

5) эгерде аларга карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында башка талаптар белгиленбесе, ар кандай операцияны (бүтүмдү) жүргүзүү үчүн мыйзамсыз жана идентификацияланбаган (анонимдүү), алдын ала төлөнгөн картаны колдонууга;

6) анонимдүү эсептерди же атайылап ойдон чыгарылган ысымдарга эсептерди ачууга жама (же) жүргүзүүгө;

7) төлөм системасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тийиштүү лицензиясы жана (же) каттоосу жок акчаларды жана баалуулуктарды которуу боюнча кызмат көрсөтүүгө.

8) Санкциялык тизмекке киргизилген жактарга таандык болгон кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөр, интеллектуалдык менчик объекттери (ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер, өнөр жай үлгүлөрү, товардык белгилер, тейлөө белгилери) менен бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо боюнча кызматтарды көрсөтүүгө.

2. Финансылык мекемелерге жана финансылык эмес категориядагы жактарга, финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын жетекчилерине жана кызматкерлерине шектүү операция (бүтүм) тууралуу билдирүүнү өткөрүп берүү күтүлүп жаткандыгы тууралуу же анын финансылык чалгындоо органына өткөрүп берилгендиги же финансылык чалгындоо органы суроо-талап койгон башка маалыматтын берилген фактысы тууралуу кардарга же үчүнчү жактарга айтууга же аларды эскертүүгө тыюу салынат. Финансылык чалгындоо органына маалыматтарды өткөрүп берүү фактысы тууралуу үчүнчү жактарга кабарлоо Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык көрсөтмө берүү талап кылынган учурларда гана мүмкүн болот.

3. Ушул Мыйзамда каралган учурларды жана Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык көрсөтмө берүү талап кылынган учурларды кошпогондо, финансылык чалгындоо органынын кызматкерлерине, анын ичинде жетекчилигине жана мурунку кызматкерлерине, ошондой эле финансылык чалгындоо органы менен эмгек келишимин түзгөн адамдарга кызматы же эмгек мамилелери токтотулгандан кийин аныкталган чөйрө адамдары тарабынан кирүү чектелген финансылык чалгындоо органынын иши тууралуу купуя маалыматтарды же болбосо кызматтык же эмгектик милдеттерди аткарууга байланыштуу аларга белгилүү болуп калган башка кызматтык маалыматтарды ачыкка чыгарууга, берүүгө жана кандайдыр бир жол менен пайдаланууга тыюу салынат.

(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 38, 2025-жылдын 23-январындагы N 26 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111822/st-11)
