# 9-берене

- Документ: [Террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111821)
- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 6-августундагы N 88 "Террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" МЫЙЗАМЫ
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 88
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111821/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2624/edition/1234125/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111821/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 9-берене (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111821/st-9

---

"Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 9, 412-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 13-статьянын 2-пунктунун 6 жана 7-пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6) жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдө катталган юридикалык жактар же ушундай өлкөлөрдө катталган жактарды жана/же аффилирленген жактарды же болбосо ушундай өлкөлөрдүн аймагында жашап турган жеке жактарды катышуучусу катары өзүндө камтыган юридикалык жактар;

7) жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн резиденттери болуп саналган жана/же алардын аймагында жашап турган жеке жактар;";

2) 29-статьянын 1-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Улуттук банк террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу маселеси боюнча микрофинансылык компаниялардын ишин инспекциялоону жүргүзөт жана анын натыйжалары жөнүндө маалыматты финансылык чалгындоо органына жөнөтөт.";

3) 35-статьянын 9-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Улуттук банк террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу маселеси боюнча микрокредиттик компаниялардын жана микрокредиттик агенттиктердин ишин инспекциялоону жүргүзөт жана анын натыйжалары жөнүндө маалыматты финансылык чалгындоо органына жөнөтөт.".

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111821/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111821/st-10)
