# 15-берене

- Документ: [Террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111821)
- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 6-августундагы N 88 "Террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" МЫЙЗАМЫ
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 88
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111821/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2624/edition/1234125/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111821/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 15-берене (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111821/st-15

---

"Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 761-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 38-берененин 7-бөлүгүнүн бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык чалгындоо органына;";

2) 49-берененин 9-бөлүгүнүн төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык чалгындоо органына;";

3) 66-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"66-берене. Террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча чаралар

1. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткарууга милдеттүү.

2. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) байланышы бар деп болжолдонгон ишти тапкан учурда, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бул жөнүндө финансылык чалгындоо органына дароо кабарлайт.".

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111821/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111821/st-16)
