Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
88-берене. Төлөөнүн өлчөмү, тартиби жана мөөнөттөрү
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 29-глава
1. Суу ресурстарын жана суу объекттерин пайдалануу үчүн жыйымдын өлчөмү, төлөө тартиби жана мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
2. Суу объекттери жана суу чарба курулмалары өрт өчүрүү жана өзгөчө кырдаалдарды жоюу үчүн акысыз берилет.
Мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги жаратылыш коруктары, ботаникалык бактар, заказниктер, жаратылыш эстеликтери, дендрологиялык парктар жана зоологиялык парктар, маданият, илим, билим берүү, саламаттык сактоо мекемелери жана мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылануучу башка мекемелер менен уюмдар суу ресурстарын пайдалангандыгы үчүн жыйымдан бошотулат. Суу пайдалануучулар жаратылыш ресурсу катары жер үстүндөгү сууларды пайдалангандыгы үчүн жыйымды төлөөдөн төмөнкүдөй учурларда бошотулат:
- кайра жаралуучу энергияны кошуп алганда, сууну электр энергиясын иштеп чыгаруу максатында пайдаланууда;
- сууну айыл чарба өндүрүшүн, токой чарбасын, бак-дарактарды сугаруу, балыктарды көбөйтүү жана өстүрүү максатында белгиленген лимиттин чектеринде пайдаланууда;
- сууну үй жаныбарларын жана короо-жай участогун сугаруу үчүн пайдаланууда;
- сууну ичүү жана чарбалык-тиричиликтик муктаждыктар үчүн пайдаланууда;
- калктын ичүү муктаждыктары үчүн суу алууну жүзөгө ашырууда;
- сууну санитардык жана экологиялык кое берүүлөрдө;
- сууну спорттук жана ден соолукту чыңдоо максаттары, эс алуу жана ышкыбоздук балык уулоо үчүн пайдаланууда;
- суу объекттерине жана башка жаратылыш ресурстарына мамлекеттик мониторинг жүргүзүүдө, ошондой эле геодезиялык, топографиялык, гидрографикалык жана издөө-тартуу жумуштарында;
- гидроэнергетикалык, мелиорациялык, балык чарбалык, суу транспорттук жана канализация багытындагы гидротехникалык курулмаларды жайгаштырууда жана курууда;
- мамлекеттин коргонуу жана коопсуздук муктаждыктарын камсыз кылууда.
(КР 2023-жылдын 10-февралындагы № 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111820/st-88" title="88-берене - Салыктык эмес кирешелер жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>