# 81-берене. Аукциондун жыйынтыгы боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйымдын өлчөмү

- Документ: [Салыктык эмес кирешелер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111820)
- Документтеги орду: 26-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-августундагы № 90 "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-81>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111820/edition/1283385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111820/st-81.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салыктык эмес кирешелер жөнүндө, 81-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-81

---

1. Аукциондун жеңүүчүсүнө пайдалуу кен байлыктар чыккан жердин жер казынасын пайдалануу укугун берүүдө, жыйымдын өлчөмү тооруктун катышуучусу тарабынан сунушталган эң жогорку баа, бонустун суммасы (жер казынасын пайдалануу укугуна салык) менен жер казынасы жөнүндө геологиялык маалымат пакетинин наркынын ортосундагы айырма катары аныкталат.

2. Аукциондун объектиндеги жер казынасын пайдалануу укугуна баштапкы баа Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [80-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-80)  
Кийинки берене: [82-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-82)
