# 70-берене. Жыйымды төлөө тартиби жана анын ставкалары

- Документ: [Салыктык эмес кирешелер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111820)
- Документтеги орду: 22-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-августундагы № 90 "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-70>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111820/edition/1283385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111820/st-70.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салыктык эмес кирешелер жөнүндө, 70-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-70

---

1. Этиль спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүзөгө ашыргандыгы үчүн жыйым белгиленген тартипте тийиштүү лицензияны алгандан кийин 30 календарлык күндүн ичинде төлөнөт.

2. Этиль спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча иш жүргүзгөндүгү үчүн жыйым алкоголдук продукцияны саткан субъекттер тарабынан белгиленген тартипте тийиштүү лицензия алгандан кийин 30 календардык күндүн ичинде продукцияны саткан жеринде төлөнөт.

3. Этиль спиртин жана алкоголдук продукцияны сатуу ушул жыйымды төлөгөндөн кийин жүргүзүлөт.

4. Жыйымды төлөө тартиби жана анын ставкалары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [69-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-69)  
Кийинки берене: [71-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-71)
