# 66-берене. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан өтүү үчүн жыйымдан бошотуу

- Документ: [Салыктык эмес кирешелер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111820)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-августундагы № 90 "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-66>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111820/edition/1283385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111820/st-66.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салыктык эмес кирешелер жөнүндө, 66-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-66

---

1. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан өтүү үчүн жыйымды алуудан Кыргыз Республикасында жана чет мамлекеттерде катталган төмөнкүдөй жүк ташуучу транспорт каражаттары жана автобустар бошотулат:

1) табигый кырсыктардын жана башка өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин -жоюуга багытталган, анын ичинде өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында жабыр тарткан жактарга бекер таратуу үчүн арналган, же болбосо, ушул эле максаттарда коммерциялык эмес кайрымдуулук уюмдарына берүү үчүн арналган товарларды ташыган;

2) чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзам тартибинде күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык, Кыргыз Республикасында аккредитацияланган эл аралык уюмдарга жана алардын филиалдарына/өкүлчүлүктөрүнө таандык болгон;

3) коргоо жөндөмдүүлүгүн жана укук тартибин камсыздоо максатында пайдаланылуучу, өрттөн коргоо, медициналык тез жардам кызматынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн атайын багыттагы, ошондой эле жолдорду жана жол инфратүзүмдөрүн иштетүү жана техникалык жактан тейлөө үчүн пайдаланылуучу транспорт каражаттары.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн жыйымдарды төлөөдөн бошотуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [65-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-65)  
Кийинки берене: [661-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-661)
