# 61-берене. Төлөөчү

- Документ: [Салыктык эмес кирешелер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111820)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-августундагы № 90 "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-61>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111820/edition/1283385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111820/st-61.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салыктык эмес кирешелер жөнүндө, 61-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-61

---

1. Жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорундагы жасалма курулмалардан өтүшкөн Кыргыз Республикасынын, ошондой эле чет мамлекеттердин транспорт каражаттарынын ээлери төлөөчү болуп саналат.

2. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорундагы жасалма курулмалар - автомобиль жолдорунун башка автомобиль жолдору, аккан суулар, тоо кыркалары, аңдар менен кесилишкен жерлериндеги, ушундай жол кыймылына тоскоолдук болуп саналган жерлердеги (көпүрөлөр, өткөөл жолдор, өткөргүч түтүктөр, тоннелдер, эстакадалар жана башка ушул сыяктуу курулмалар) транспорт каражаттарынын кыймылы үчүн арналган курулмалар.

3. Автомобиль жолдорундагы жүрүү үчүн жыйым алынуучу жасалма курулмалардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [60-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-60)  
Кийинки берене: [62-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-62)
