# 40-берене. Салыктык эмес кирешени төлөөчүнүн даттануусунун формасы жана мазмуну

- Документ: [Салыктык эмес кирешелер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111820)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-августундагы № 90 "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-40>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111820/edition/1283385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111820/st-40.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салыктык эмес кирешелер жөнүндө, 40-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-40

---

1. Салыктык эмес кирешени төлөөчүнүн даттануусу жазуу жүзүндө берилет.

2. Даттанууда төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:

1) даттануу берилген дата;

2) даттануу берилген органдын аталышы;

3) даттануу берген жактын фамилиясы, аты-жөнү же болбосо толук аталышы, анын жашаган жери (турган жери);

4) төлөөчүнүн идентификациялык салыктык номери;

5) чечими даттанылып жаткан органдын аталышы;

6) даттануу берген төлөөчү өзүнүн талаптарын негиздеген жагдайлар жана бул жагдайларды ырастаган далилдерин;

7) тиркелген документтердин тизмеги.

3. Даттанууда талаш-тартышты чечүү үчүн маанилүү болгон башка маалыматтар да көрсөтүлүшү мүмкүн.

4. Даттанууга төлөөчү кол коет.

5. Төлөөчү жана башка органдар тарабынан күбөлөндүрүлгөн, төлөөчү өзүнүн талаптарын негиздеген жагдайларды тастыктаган документтер даттанууга кошо тиркелет.

---

Мурунку берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-39)  
Кийинки берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-41)
