# 4-берене. Салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдардын колдонулушу

- Документ: [Салыктык эмес кирешелер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111820)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-августундагы № 90 "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111820/edition/1283385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111820/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салыктык эмес кирешелер жөнүндө, 4-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-4

---

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын тийиштүү аймакта колдонула турган ченемдик укуктук актыларын кошпогондо, салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.

2. Жаңы салыктык эмес кирешелерди белгилөө, алардын ставкаларын жогорулатуу бөлүгүндө ушул Кодекске өзгөртүүлөрдү киргизе турган Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, алар расмий жарыялангандан эки календардык айдан кийинки айдын 1-числосунан эрте эмес күчүнө кирет.

3. Жаңы салыктык эмес кирешелерди белгилөөчү, ставкалардын өлчөмүн жогорулатуучу, укук бузуулар үчүн жоопкерчиликти белгилөөчү же оордотуучу, салыктык эмес кирешелерди төлөөдө келип чыгуучу укуктук мамилелердин катышуучусунун жаңы милдеттерин белгилөөчү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары кайтарымдуу күчкө ээ эмес.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-5)
