# 39-берене. Салыктык эмес киреше төлөөчүнүн даттануу берүү тартиби жана мөөнөтү

- Документ: [Салыктык эмес кирешелер жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111820)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-августундагы № 90 "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.08.2026 [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101); 16.04.2025 [Закон КР от 16 апреля 2025 года № 75 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025849)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111820#diff=50471..57634>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-39>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111820/edition/1283385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111820/st-39.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салыктык эмес кирешелер жөнүндө, 39-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-39

---

1. Салыктык эмес кирешенин администраторунун, башкы администраторунун чечимине төлөөчүнүн салыктык эмес кирешени чегерүү жана төлөтүп алуу боюнча даттануусу ыйгарым укуктуу органга бул чечим төлөөчүгө талаптагыдай тапшырылган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде берилет.

2. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымды, ишкердик иште пайдаланылбаган турак жай курулмаларынын ээлери болуп саналган жеке жактарды кошпогондо, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымды, этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүргүзүү үчүн жыйымды, сынам жыйымын жана жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөрдү эсептөөгө жана алууга карата салык кызматы органынын чечимине төлөөчүнүн даттануусу ыйгарым укуктуу салык органына берилет жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген тартипте каралат.

3. Даттануунун көчүрмөсү салыктык эмес кирешенин администраторуна, башкы администраторуна же чечим даттанылып жаткан салык кызматынын органына жөнөтүлүүгө тийиш.

4. Ушул бөлүктүн жоболорун бузуу менен берилген даттануу, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан арыз ээсине себебин көрсөтүү менен кайтарылып берилет.

5. Даттануу кайтарып берүүгө түрткү болгон себептерди жойгондон кийин, төлөөчү даттануу кайтарылып берилгенден кийинки 10 календардык күндүн ичинде даттанууну кайрадан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же ыйгарым укуктуу салык органына жөнөтүүгө укуктуу.

(КР 2025-жылдын 16-апрелиндеги № 75, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-38)  
Кийинки берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111820/st-40)
